Орусия Балтика деңизинде машыгуу баштады

«Океан калканы  - 2019» машыгуусу 9 -  августка чейин улантылат.

1246399
Орусия Балтика деңизинде  машыгуу баштады

Орусия Балтика деңизинде «Окаен калканы  - 2019» аттуу аскердик машыгуусун баштатты.

Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта бүгүн Балтика деңизинде башталган машыгууну Орусия аскердик деңиз флоту менен Орусия авиация  - космостук күчтөрүнүн биргелеше өткөргөндүгү белгиленди.

Машыгууда 69 кеме, 58 учак жана тик учар менен 10 миң 634 аскердин кызмат кылгандыгы билдирилди.

Маалыматта машыгуунун негизинде флоттордун арасында группалашуу, флоттун күчүн башкаруу жөндөмдүүлүктөрү менен бирге деңиз флотунун Орусиянын кызыкчылыктарын коргоого даяр  же даяр эмес экендиги сыноодон өтөөрү белгиленди.

«Океан калканы  - 2019» машыгуусу 9 -  августка чейин улантылат.

Сентябрь айында өткөрүлгөн «Океан калканы» машыгуусу Орусиянын заманбап тарыхында аскердик деңиз флоту жана авиация  -  космостук күчтөрүнүн Жер Ортолук деңизде өткөргөн биринчи машыгуу болгон.



Тектеш кабарлар