Иракта ДЕАШ террордук уюм кол салды

Кол салууда 4 киши каза болуп, 7 киши жараланды.

1246149
Иракта ДЕАШ террордук уюм кол салды

 Ирактын Сүлейманийе шаарындагы бир көзөмөл жерине ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда 4 киши каза болуп, 7 киши жараланды.

Сүлейменийеге караштуу Келар районунун акими Шехаб Ахмед ДЕАШ террордук уюмдун террористтеринин түнкү  сааттарда райондогу Каложа аймагына пулемет менен кол салгандыгын айтты.

Окуяда коопсуздук күчтөрүнөн 4 кишинин каза болуп 7 кишинин жаралангандыгын билдирген Ахмед кол салуудан кийин коопсуздук күчтөрү менен террористтердин арасында кагылышуунун чыккандыгын белгиледи. Ахмед өзгөчө Сүлейманийе чек арасындагы аймактарда ДЕАШ террордук уюмдун мүчөлөрүнүн бар экендиги боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар