Бангладеште болгон сел

Бангладештеги селдер 7, 6 миллион кишини ачкачылык жана оору коркунучу менен бетме  - бет калтырды.

1246388
Бангладеште болгон сел

Бангладештеги селдер 7, 6 миллион кишини ачкачылык жана оору коркунучу менен бетме  - бет калтырды.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынан берилген маалыматта Бангладеште 7, 6 миллион кишинин катуу муссон жамгырлары жол ачкан селден улам ачкачылык жана оору коркунучу астында экендиги билдирилди.

Маалыматта селден улам жүз миңдеген кишинин өлкөнүн түндүк жана түндүк чыгыш жактарында калгандыгын жана 600 миңден ашуун үйдүн зыян тарткандыгы белгиленди.

Үй  - бүлөлөрдүн начар шарттарда жашоого мажбур болушунун жана ишенимдүү ичүүгө боло турган суу жана ыңгайлуу шарттардагы баш калкалоочулардын жоктугунун жугуштуу ооруларды алып келишинен тынчсыздангандыгы баса белгиленген маалыматта селдерде 160 миң гектардан ашуун дыйканчылык аянтынын зыян тартышынан улам элдин тамак аш кыйынчылыгын тарткандыгы билдирилди.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдорунун Бангладеш офисинин төрагасы Азмат Улла : «Бул жумада Богура аймагына барганда үйлөрүн жоготкон жана жол жээктеринде лагерь курган үй  - бүлөлөр мага тамак  - аш, суу жана саламаттыкты сактоо кызматтарына муктаж экендерин айтышты»,- деди.

Дыйканчылык аянттарынын зыян тартышы менен келерки айларда үй  - бүлөлөрүн кантип багышары тууралуу санааларын билдиришкендерин белгилеген Улла : «Дагы көп селдин болушу күтүлүүдө, ошондуктан абал абдан начар»,- деди.

Бангладеш саламаттыкты сактоо боюнча башкы директорлугунан берилген маалыматта өлкөдө селдер жол ачкан оору жана кырсыктардан улам 119 кишинин каза болгондугу белгиленди.

 



Тектеш кабарлар