Иран менен Орусия биргелешкен машыгуу өткөрөт

Бул туурасында Ирандын Деңиз күчтөрү командири маалымат берди.

1244651
Иран менен Орусия биргелешкен машыгуу өткөрөт

 

Ирандын Деңиз күчтөрү командири адмирал Хүсейин Ханзаде, Орусия менен Перс булуңу жана Ормуз кысыгында биргелешкен машыгуу өткөрө тургандарын айтты.

Орусиянын Деңиз күчтөрү күнүнө карата уюштурулган иш-чараларга катышуу үчүн Орусиянын Санк-Петербург шаарына барган Ханзаде, Ирандын расмий ИРНА агенттигине маалымат берди.

Иран менен Орусиянын аскердик кызматташтык келишимине кол койгондорун билдирген Ханзаде: «Иран менен Орусиянын Деңиз күчтөрү Инди океаны, Перс булуңу жана Ормуз кысыгында биргелешкен машыгуу өткөрөт»,-деди.

Ханзаде биргелешкен аскердик машыгуунун жылдын аягына чейин өткөрүлүшүн күткөндөрүн айтты.

 

 



Тектеш кабарлар