Жапонияда өрттөнгөн анимациялык студиядан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Полиция өрттүн чыгышына себепчи болгон 41 жаштагы шектүү Шинжи Аобанын дарылануусу улантылып жатканын жана ушул себептен иликтөө иштеринин башталбаганын билдирди.

1244430
Жапонияда өрттөнгөн анимациялык студиядан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Жапониянын Киото шаарындагы анимация студиясында 18-июлда атайлап жасалган өрттөн көз жумгандардын саны 35ке жетти.

Жапон кабар агенттиги Киотонун ишенимдүү булактарга таянып берген маалыматында, ооруканада дарыланып жаткан бир жарадардын каза болушу менен өлгөндөрдүн саны 35ке чыкты.

Полиция өрттүн чыгышына себепчи болгон 41 жаштагы шектүү Шинжи Аобанын дарылануусу улантылып жатканын жана ушул себептен иликтөө иштеринин башталбаганын билдирди.

Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, андан анимация студиясына таандык буюмдардын чыкканын жана алардын айрымдары далил катары алынганын билдирди.

Борбордук Удзиде жайгашып, көп сандагы белгилүү анимация фильмдери жана сериалдары менен  таанылган “Kyoto Animation”дин үч кабаттуу студиясы 18-июлда күйүүчү суюктук төгүү менен өрттөлгөн.

 



Тектеш кабарлар