Индияда жолборстордун саны 3 миңге жакындады

Дүйнөдөгү жолборстордун төрттөн үчү Индияда жашайт.

1244292
Индияда жолборстордун саны 3 миңге жакындады

 

Индияда жолборстордун саны 2014-2018-жылдар аралыгында 33 пайыз өсүп 3 миңге жакындады.

Индостан Таймстын маалыматына караганда премьер-министр Нарендра Моди, жолборсторду коргоо боюнча улуттук мекеменин 2018-жылга карата болжолдуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Моди сөз сүйлөөсүндө, 2014-жылы 2 миң 226 болгон жолборстордун саны 2018 жылы 2 миң 967ге жеткендигин айтты.

Жолборстордун санындагы өсүүгө басым жасаган Моди: «Орто эсеп менен 3 миң жолборс менен Индия, дүйнөдөгү жолборстор үчүн коопсуз жана эң чоң жерлердин бири болуп саналат. Дүйнөдөгү жолборстордун төрттөн үчү Индияда жашайт»,-деди.

Индиядагы токой жана коргоо аянттарынын саны көбөйгөндүгүн билдирген министр Моди, 2014-жылы 692 болгон коргоого алынган аянттарынын саны 2019-жылы 860ка жеткенин айтты.

Жолборстордун санында 33 пайыздык өсүү болгондугу белгиленген отчетто, көптүгү жагынан 526 жолборс менен Мадхья Прадеш, 524 менен Карнатака жана 442 жолборс менен Уттаракханд аймактары турганы маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар