Афганстанда шайлоо кеңсесине куралдуу кол салуу жасалды

Кол салууда 20 киши каза болуп, 50 киши жараланган.

1243900
Афганстанда шайлоо кеңсесине куралдуу кол салуу жасалды

 Афганстанда 28 -  сентябрда боло турган президенттик шайлоодо президент Эшреф Гани биринчи орун басары катары талапекер кылып көрсөткөн Эмруллах Салихтин шайлоо үгүтүн жүргүзгөн кеңсеге жасалган куралдуу жана бомбалуу кол салууда 20 киши каза болду.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда бобор шаар Кабулда Салихтин шайлоо үгүтүн жүргүзгөн иш алып баруу кеңсесине жасалган куралдуу жана бомбалуу кол салууда 50 кишинин да жаралангандыгы белгиленди.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч бир уюм моюнга алгандыгын билдире элек.  Имараттан чыгарылып коопсуз жерге алып барылган Салих колунан жараланган.

Кол салуудан кийин чыккан кагылышууда коопсуздук күчтөрү үч кол салуучуну жок кылды.

Президент Эшреф Гани твиттер эсебинен берген маалыматта Салихтин абалынын жакшы экендигин жарыялаган.

Өлкөдө 28 -  сентябрда боло турган президенттик шайлоодо үгүт жүргүзүү кечээ расмий түрдө башталган.



Тектеш кабарлар