Кытайда болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны жыйырмага жетти

Куткаруу иштеринде беш кишинин сөөгү чыгарылды алардын ичинен экөөсү бала, экөөсү бөбөк жана бирөөсү аял.

1243039
Кытайда болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны жыйырмага жетти

Кытайдын Гуйкоу аймагындагы жер көчкүдө каза болгондордун саны жыйырмага жетти.

Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда өлкөнүн Гуйяне шаарынын Люпаншуй поселогунда шейшемби түнү болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 20га жетти.

Куткаруу иштеринде беш кишинин сөөгү чыгарылды алардын ичинен экөөсү бала, экөөсү бөбөк жана бирөөсү аял.

Үч күндөн бери жүргүзүлүп жаткан изилдөө иштеринде топурак астында калгандыгы болжолдолгон 25 киши табылбады.

Катуу жааган жамгырдан улам жер көчкү болгон аймактагы издөө – куткаруу иштери улантылууда.

Жер көчкүнүн айынан аймактагы жыйырма үч үйдөн жыйырма бири кулаган. Жалпы жетимиш жети киши жашаган аймакта жыйырма бир кишинин апаат учурунда тышта болгондугу такталып, он бир киши куткарылган.

Шейшемби күнү Хыжанг аймагында болгон башка бир жер көчкүдө бир киши каза болгон.



Тектеш кабарлар