Түндүк Корея эки ракетасын учурду

Бул туурасында Түштүк Кореянын Башкы штаб төрагалыгынын кызматкерлери билдиришти.

1242036
Түндүк Корея эки ракетасын учурду

 

Түндүк Корея армиясынын кыска аралыктуу эки ракетасын учургандыгы айтылууда.

Түштүк Кореянын Башкы штаб төрагалыгынын жооптуу жетекчилери, Түндүк Кореянын чыгышындагы Вонсан шаарынын жээгинен бүгүн эртең менен эки кыска аралыкка учуучу ракетанын атылганын белгилешти.

Ракеталардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 05.34 жана 05.57де атылгандыгы, орто эсеп менен 50 километр бийиктикке жетип 460 километр учкандагы билдирилди.

Түштүк Кореянын армия жетекчилери, темага байланыштуу кеңири талдоо жүргүзүлө турганын айтышты.

Эл аралык басма сөздөгү маалыматтарда ракета атылгандыгы жөнүндөгү айтымдардын, Түндүк Кореянын ядролук куралсыздандыруу темасында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы сүйлөшүү процессинин кайрадан баштатылышы аракетине көлөкө түшүрүшү мүмкүн экени боюнча сереп салынды.



Тектеш кабарлар