Кытайдагы жер көчкүлөрдө каза болгон киши саны 16га жетти

Жер көчкүлөргө катуу жааган жамгырдын себеп болгондугу билдирилди.

1242045
Кытайдагы жер көчкүлөрдө каза болгон киши саны 16га жетти

Кытайдын түштүк батышында болгон 2 башка жер көчкүдө каза болгондордун саны 16га жетти.

Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда өлкөнүн Гуйяне аймагына караштуу Гуйкоу шаарындагы Люпаншуй поселогунда  болгон жер күчкүдө каза болгондордун саны 11ден 15ке жетти.

Поселокто 21 үй топурак астында калып, куткарылган 11 киши ооруканага жаткырылды. Топурак астында калгандыгы болжолдолгон 30 киши чыгарыла элек, 800 кишилик изилдөө – куткаруу тобу ишин улантууда.

Бир тараптан Гуйкойго караштуу Хыжанг аймагынын бир айылында жол салуу иштери жүргүзүлүп жаткан учурда болгон жер көчкүдө 1 киши каза болуп, топурак астында калган 6 кишини издөө иштери улантылууда.

Жер көчкүлөргө катуу жааган жамгырдын себеп болгондугу белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар