Түштүк Кореянын аба күчтөрү орус учагына ок атты

Орусиянын үч учагы Түштүк Кореянын аба мейкиндигине кирип кеткен.

1240663
Түштүк Кореянын аба күчтөрү орус учагына ок атты

 

Түштүк Кореянын аба мейкиндигине кирип кеткен Орусияга таандык аскердик учакка эскертүү иретинде ок атылгандыгы билдирилди.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги 3 орус аскердик учагынын Кореянын Абадан коргонуу аймагына кирип кеткендигин маалымдады.

Билдирүүдө Кытай менен Орусиянын эреже бузуууларына байланыштуу расмий арыз бериле турганы баса белгиленди.

Түштүк Кореялык бир жетекчи, Орусия менен Кытайга таандык учактардын Абадан коргонуу аймагына атайылап кирип же кирбегендигинин азырынча тактала электигин айтты.

Орусия болсо Түштүк Кореянын айтымдарын төгүнгө чыгарды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ту-95 үлгүсүндөгү 2 аскердик учактын Япон деңизинин үстүндөгү тарапсыз аймакта пландуу учкандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар