Израиль Чыгыш Кудста үйлөрдү кулата баштады

Палестиналыктар кайрылган Израиль Жогорку Соту кайрылууну четке какты.

1240076
Израиль Чыгыш Кудста үйлөрдү кулата баштады

Израиль күчтөрү басып алынган Чыгыш Кудста Айрым дубалынын уландысы болгон зым тосмолорго жакын деген негиз менен палестиналыктарга таандык кээ бир үйлөрдү кулата баштады.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда көп сандаган Израиль аскери жана полициясы эрте менен эрте экскаваторлор менен Чыгыш Кудстун Сур Бахир аймагындагы Вади Ел – Хуммус мааласына барды.

Израиль күчтөрү Израиль Жогорку Сотунун Сур Бахир аймагындагы Айрым дубалынын уландысы болгон зым тосмолорго жакын деген негиз менен кулатуу чечимин чыгарган палестиналыктарга таандык үйлөрдөн кээ бирлерин күч менен бошотту.  Үйлөрдү кулатууга каршылык көрсөткөн мааланын тургундары менен Израиль күчтөрүнүн ортосунда чыңалуу барган сайын күч алып, Израилге таандык экскаваторлор ушул кезге чейин эки кабаттуу бир имаратты кулатты.

Аймактагы кээ бир үйлөрдүн кулатылышына карата даярдыктар улантылып, көп сандаган Израиль аскеринин да аймакта курулуп жаткан көп кабаттуу бир имаратты кулатуу үчүн ал жерге жарылуучу зат жайгаштыргандыгы билдирилди.

Израиль Жогорку Соту өткөн айда Сул Бахирдеги бул имараттардын Айрым дубалынын уландысы болгон зым тосмолорго жакындыгынан улам «коопсуздук коркунучун түзүп» жаткандыгын айтып кулатуу чечимин чыгарган жана үйлөрдү кулатуу үчүн мүлк ээлерине 18 -  июнга чейин мөөнөт берген.

Ушул боюнча палестиналыктар кээ бирлери курулушта болгон 10 имараттын кулатылышынын токтотулушу үчүн Жогорку Сотко кайрылган бирок сот кечээ бул кайрылууну четке какты. Адистер Израиль сотунун бул чечиминин Палестинанын башка аймактарында да бир топ үйдүн кулатылышына себеп болушу мүмкүн экендигин эскертүүдө.



Тектеш кабарлар