Түштүк Африкадагы куралдуу кол салуулардан 43 адам көз жумду
Көп сандаган киши да жаракат алды.
1236200
Түштүк Африканын Кейптаун шаарында жуманын аягынан берки куралдуу кол салуулардан 43 адам каза тапты.
Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Кейптаунда дем алыш күндөрүнөн бери аты-жөнү белгисиз кишилер тарабынан кол салуулар болду.
Кол салууларда 43 адам каза болуп, көп сандаган киши да жаракат алды. Жаракат алгандар аймактагы ооруканаларга жеткирилди.
Окуяга байланыштуу 143 киши суракка алынды. Кейптаундын Philippi аймагында өткөн жумада болгон куралдуу кол салууларда 13 киши көз жумган эле.
Тектеш кабарлар
Жер көчкү басып калган айыл массалык көрүстөнгө айланды
24-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Энга провинциясында жер көчкү жүргөн.