Израилде Эфиопия тектүү еврейлер митингге чыгышты

Израилде Эфиопия тектүү еврейлер Соломон Текахтын өлүмүнө себеп болгон полициянын эркин койо берилишине каршы чыгышты.

1236463
Израилде Эфиопия тектүү еврейлер митингге чыгышты

Израилде Эфиопия тектүү еврейлер Соломон Текахтын өлүмүнө себеп болгон полициянын эркин койо берилишине каршы чыгышты.

Батыш Кудстагы Израиль парламентинин жакындарында чогулган митингчилер бул жерден Яфа проспектисинде  жүрүшкө чыгышты. Текахтын сүрөтү тартылган жана Израилде полиция тарабынан өлтүрүлгөн башка эфиопиялыктардын аттары жазылган футболкаларды кийген митингчилер полициянын күчүнө жана расизмге каршы чыгышты.

«Полиция мамлекети» деген ураандар менен жүргөн митингчилер менен полициянын ортосунда кээ кээде кагылышуулар чыкты. Полиция митингге чыккан топтон кээ бирлерин камоого алып, тегеректеги израилдиктер да митингчилерге кол чаап колдоо беришти.

Израиль полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта митингде эң аз  7 кишинин камоого алынгандыгы белгиленди.

Израиль басма сөзүндө орун алган кабарларда 30 -  июнда өлкөнүн түндүгүндөгү Кирят Хаим шаарында тапанчасынан чыккан ок менен Текахтын өлүмүнө себеп болгон жана коопсуздук негизи боюнча ким экендиги билдирилбеген полициянын үй абагынын акырына чыгарылышына чечим чыгарылып эркин койо берилгендиги билдирилген.

Полиция жүргүзгөн териштирүүдө окуяга аралашкан полициянын үй  - бүлөсү менен көчөгө чыкканда чатакташып жаткан жаштарга кийлигишкендиги, ошол учурда өзүнө карата «кол сала баштаган» жаштарды токтотуу үчүн жерге аткандыгы бирок октун асфальттан чакып Текахка тийгендиги билдирилген.

 



Тектеш кабарлар