Европа Биримдиги Түндүк Кореяга каршы санкцияларын улантат

Бул туурасында Европа Кеңеши жазуу түрүндө билдирди.

1236470
Европа Биримдиги Түндүк Кореяга каршы санкцияларын улантат

 

Европа Биримдиги, Түндүк Кореяга киргизген санкцияларды карап чыкканын жана улантуу чечимин чыгарганын билдирди.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түндүк Кореяда кишилерге жана мекемелерге каршы саякат тыюу салуусу жана мал-мүлктөрүнүн конфискацияланышынан турган санкциялар каралып чыгып анын улантылышына чечим чыгарылганы маалымдалды.

Европа Биримдиги учурда Түндүк Кореянын ядролук иштерине салым кошкондугу айтылган 57 киши жана 9 ишканага санкция ишке ашырууда.

Бир тараптан, БУУнун чечимине ылайык Европа Биримдигинин Түндүк Кореяга карай кошумча санкция тизмесинде, мал-мүлктөрү конфискацияланган жана виза тыюу салуусу киргизилген 75 мекеме менен 80 киши бар.

Европа Биримдигинин Түндүк Кореяга каршы санкциялары 2006-жылы башталган. Бул өлкө менен курал-жарак соодасы жана Түндүк Кореянын ядролук- баллистикалык ракета технологиясын өнүктүрүүсүнө салым кошо турчу шайман, тейлөө жана технологиялардын камсыздалышына тыюу салынган эле.



Тектеш кабарлар