АКШ Зарифке виза берилүүсүн бекитти

АКШ-Иран карым-катнаштары

1235687
АКШ Зарифке виза берилүүсүн бекитти

 

АКШнын Мамлекеттик департаменти, БУУда ушул жумада катыша турган жыйын үчүн Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зарифке виза берилүүсүн бекитти.

АКШ медиасында орун алган кабарларга караганда, визага уруксатты АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жеке өзү бергендиги айтылууда.

Маалыматтарда «Зарифке виза берилбеген учурда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын дагы да начарлашы мүмкүн экени боюнча визанын бекитилгендиги белгиленди.

АКШнын президенти Дональд Трамп июнь айынын аягында Ирандын АКШга таандык учкучсуз учагын атып түшүргөнүгүн себеп көрсөтүп Ирандын лидери Аятолла Али Хаменейди да камтыгандай түрдө Иранга карай жаңы санкцияларды алып келген токтомго кол койгон болчу.

Ушул эле күнү АКШнын казына министри Стивен Мнучин, Ирандын тышкы иштер министри Зарифтин да санкция тизмесине киргизиле турганын билдирген бирок ушул учурга чейин АКШ башкаруучулугу бул багытта кандайдыр бир кадам таштаган эмес.



Тектеш кабарлар