АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Сребреница кыргынына байланыштуу билдирүүсү

Майк Помпео : «Европа тарыхындагы бул кыйынчылык менен толгон күндөр эч качан танылбашы керек же унутулбашы керек»,- деди.

1234749
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун  Сребреница кыргынына байланыштуу билдирүүсү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сребреница кыргынынын 24  жыдыгынан улам : «Европа тарыхындагы бул кыйынчылык менен толгон күндөр эч качан танылбашы керек же унутулбашы керек»,- деди.

Мамлекеттик катчы Помпео Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин болгон эң чоң адамзаттык трагедия деп кабыл алынган жана эң аз 8 миң 372 бошняк жаран каза болгон Сребреница кыргынына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Америка калкынын кыргында өлтүрүлгөн күнөөсүз кишилердин эскерилишинде Босния калкынын жанында экендигин белгилеген Помпео : «Адилеттикти издөөнү уланткандардын жанындабыз. Бардык жабыркоочулардын таламын талашкандарга карата колдоо берүүнү улантабыз. Өткөн күндөгү трагедиялык окуялар, дагы жакшы бир келечек үчүн биримдик ичинде иштөө муктаждыгын бизге эскертүүдө. АКШ Босния Герцеговина калкынын өнөктөшү болууну улантат. Бүгүн каза болгондорду эскергендей эле, жалпы аймакта тынчтык жана бейкуттуктун түзүлүшүндө берген убадабызды жана мындай трагедиянын дагы бир жолу болбошуна байланыштуу чечкиндүүлүгүбүздү баса белгилейбиз. Европа тарыхындагы бул кыйынчылык толгон күндөр эч качан танылбашы керек жана унутулбашы керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар