АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Сани менен жолугушту

Жолугушууда Иран жана башка бир топ аймактык маселе каралды.

1234056
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео  Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Сани менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Сани менен жолугушуп эки тараптуу карым  - катнаштар, Иран жана башка бир топ аймактык маселени карап чыгышты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Морган Ортагус Помпео  - Шейх Темим сүйлөшүүсү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. Ортагус маалыматта : «Мамлекеттик катчы Помпео Катардын жакын ортоктук жана достугу үчүн эмирге ыракмат айтты. Мамлекеттик катчы менен Эмир аймактагы жогорку чыңалууну жана Булуң Кызматташтык Кеңешинин Ирандын ырааттуулукту бузуучу кыймылдарына каршы туруусунун маанисине токтолду»,- деп билдирилди.

Морган Ортагус Помпео жана Шейх Темиминин Судан, Ливия жана Афганстан да болгон кээ бир орчундуу аймактык темаларды да карап чыгышкандарын билдирди.

Катар эмири мурунку күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушуп, жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда беш жаңы келишимге кол коюлган.

Жолугушууда Шейх Темим менен Трамп АКШ менен Катардын ортосунда экономикалык жана аскердик кызматташууну арттыруу тууралуу чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешкен.



Тектеш кабарлар