Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяхудан Иранга коркутуу
Нетаньяху Израиль жалгыз калса да Ирандын өзөктүк курал чыгарышына уруксат бербейт деген маалыматтарды берүүдө.
1233461
Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху : «Израилдин колундагы Ф - 35 аскердик учактары Иран менен Сирия жана Жакынкы Чыгыштагы бардык жерлерге бара алат»,- деди.
Нетаньяху өлкөнүн түштүгүндөгү Нематин аба базасына барганда жасаган билдирүүсүндө Иранды коркутту.
Аба базасында жүргүзгөн иликтөөлөрдөн кийин сөз сүйлөгөн Нетаньяху : «Иран акыркы учурларда Израилди жок кылуу менен коркутууда. Бул учактардын Иран жана Сирия менен Жакынкы Чыгыштагы бардык жерге бара аларын эске алуулары керек»,- деди.
Тегеранды өзөктүк курал өндүрүү менен күнөөлөгөн Нетаньяху Израиль жалгыз калса да Ирандын өзөктүк курал чыгарышына уруксат бербейт деген маалыматтарды берүүдө.