Гонконг башкаруусу : мыйзам долбоору токтоду

Кытайдын Гонконг атайын башкаруу аймагынын аткаруучу директору Кэрри Лам кылмышкерлердин Кытайга тапшырылышын жеңилдеткен мыйзам долбоорунун токтогондугун белгиледи.

1232752
Гонконг башкаруусу : мыйзам долбоору токтоду

Кытайдын Гонконг атайын башкаруу аймагынын аткаруучу директору Кэрри Лам кылмышкерлердин Кытайга тапшырылышын жеңилдеткен мыйзам долбоорунун токтогондугун белгиледи.

Аймактын аткаруучу директору Кэрри Лам массалык маалымат каражаттарына берген маалыматта тапшыруу мыйзамында өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата иштердин аяктагандыгын билдирди. Бирок бул мыйзам долбоорунун расмий түрдө жоюлуп же жоюлбай тургандыгы такталган жок.

Башкаруунун мыйзам чыгаруу парламентинде мыйзам чыгаруу иштери тууралуу процессти кайрадан баштап же баштабай тургандыгына байланыштуу тынчсыздануу жана туруктуу шектенүүлөрдүн бар экендигин айткан Лам : «Бул жерде дагы айтамын. Мындай план жок. Мыйзам долбоору токтоду»,- деди.

Парламентте кылмышкерлердин Кытайга тапшырылышын жеңилдеткен мыйзамдуу түзөтүүнү токтотуу чечиминин жетиштүү эмес экендигин айткан жана долбоордун толугу менен жоюлушу үчүн митингдерин уланткан митингчилердин лидерлери болсо мыйзам долбоору расмий түрдө жоюлганга чейин  митингдерди улантышарын  айтты.

Кэрри Лам өткөн айда мыйзамдуу түзөтүү процесси тууралуу кечирим сурап, долбоордун бул мыйзам чыгаруу мезгилинде күн тартибине келбей тургандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар