Украинанын президенти В. Зеленский Орусиянын президенти В. Путинди сүйлөшүүгө чакырды

Зеленский социалдык медиадан берген маалыматында Украинанын дипломатиялык форматтарды четке каккандыгын баса белгиледи.

1232339
Украинанын президенти В. Зеленский Орусиянын президенти В. Путинди сүйлөшүүгө чакырды

Украинанын президенти В. Зеленский Орусиянын президенти В. Путинди Белорусиянын борбор шаары Минскте Крым жана Донбас тууралуу сүйлөшүүгө чакырды.

Зеленский социалдык медиадан берген маалыматында Украинанын дипломатиялык форматтарды четке каккандыгын баса белгиледи. Путинди Крым жана Донбас тууралуу сүйлөшүүгө чакырган Зеленский : «Орусиянын президенти В. Путинге кайрылгым келет. Сүйлөшүүбүз керекпи? Керек. Крым кимдики экендигин жана Донбаста кимдин жашагандыгын сүйлөшөлү»,- деди.

Зеленский : «Сүйлөшүү үчүн бул ысымдарды сунуш кылам : мен, сиз (Путин), АКШнын президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер  - министри Тереза Мэй, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Еммануэль Макрон. Белорустун президенти Александр Лукашенко бизди ыраазычылык менен кабыл алат ойлойм»,- деди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков да журналисттерге берген маалыматында Зеленскийдин сунушуна көңүл бурушарын белгилеп : «Кандай сүйлөшүү форматы экендигин жана жыйынтыктарын түшүнүү керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар