Израиль аскерлери 2 баланы жаралады

Израиль аскерлери басып алган Кудстун чыгышындагы Эбу Дис аймагында ок атып 2 палестиналык бала жараланды.

1230072
Израиль аскерлери 2 баланы жаралады

Израиль аскерлери басып алган Кудстун чыгышындагы Эбу Дис аймагында ок атып 2 палестиналык бала жараланды.

Көргөн күбөлөрдүн берген маалыматына караганда Эбу Дис аймагында чыккан окуяларда Израиль күчтөрүнүн чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушу менен 14 – 15  жаштардагы эки бала денелеринин ар кайсы жеринен жараланды. Ондогон палестиналык да атылган газдан таасирленди.

Чыгыш Кудстун Шуафат жана Исевиййе маалалары менен Шуафат качкындар лагеринде кечээ болгон окуяларда да көп сандаган палестиналык жараланып, бир тобу да камоого алынган.

Израиль полициясынын 27 -  июнда Чыгыш Кудстун Исевиййе мааласында жүргүзгөн тинтүүсүндө палестиналык бир жаш жигитти шейит кылышы менен шаардагы араздашуу улантылууда.

 



Тектеш кабарлар