Күндүн тутулушу Аргентина менен Чилиде толук көрүндү

Күндүн тутулушу так көрүнгөн жерлерден Сан Хуан аймагына дүйнөнүн түрдүү жерлеринен 15 миңге жакын киши барды.

1229759
Күндүн тутулушу Аргентина менен Чилиде толук көрүндү

Түштүк Америка өлкөлөрү Аргентина менен Чилиде күндүн тутулушу толугу менен көрүндү.

Аргентинада жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:30 чамаларында башталган жана 2 саатка жакын созулган күндун тутулушу ;  Сан-Хуан, Ла-Риоха, Сан-Луис, Кордова, Санта-Фе жана Буэнос-Айрес аймактарынан көрүндү.

Өлкөнүн бобор шаары Буэнос - Айресте абанын бүркөк болушу менен так көрүнбөгөн күндүн тутулушун көрүүнү каалагандар бийик жерлерди тандашты.

Күндүн тутулушу так көрүнгөн жерлерден Сан Хуан аймагына дүйнөнүн түрдүү жерлеринен 15 миңге жакын киши барды.

Күндүн тутулушу Чилинин бардык аймактарынан көрүнүп, толугу көрүнгөн жер түндүктөгү Кокимбо аймагына 140 миң турист барды.

Күндүн тутулушун көрүү үчүн илимпоздор менен бирге Microsoft  куруучусу Билл Гейтс да болгон бир топ белгилүү киши Чилиге барды.

Чилинин мамлекет башчысы Себастьян Пинера жана анын жубайы   Сесилия Морель,өлкөнүн билим жана технология министри Андрес Куве Корреа, билим берүү министри Марсела Кубильос менен күндүн тутулушун Ла Силла байкоо үйүнөн көрдү.

Ар бир 18 айда бир көрүнгөн күндүн тулушу акыркы жолу 2017 -  жылдын август айында АКШ жана кээ бир Түштүк Америка өлкөлөрүнөн көрүнгөн.



Тектеш кабарлар