Эл аралык Коопсуздук Биримдигинин алгачкы машыгуусу аяктады

БАЭнин расмий агенттиги WAMдын кабарына караганда БАЭнин ички иштер министри Сейф бин Заид Ал Нахян, Эл аралык Коопсуздук Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн 50 коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү катышкан машыгуу аяктаганын жарыялады.

1229151
Эл аралык Коопсуздук Биримдигинин алгачкы машыгуусу аяктады

Франция жана Италия дагы арасында болгон 9 өлкөдөн турган Эл аралык Коопсуздук Биримдигинин (ISA) Бириккен Араб Эмирликтериндеги алгачкы коопсуздук машыгуусу кечээ аяктады.

БАЭнин расмий агенттиги WAMдын кабарына караганда БАЭнин ички иштер министри Сейф бин Заид Ал Нахян, Эл аралык Коопсуздук Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн 50 коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү катышкан машыгуу аяктаганын жарыялады.

Катышуучулардын арасында ыкчам операция, медиа, байланыш, жарандык коргонуу жана жарылуучу заттардын зыянсыздаштырылышы бөлүмдөрү да орун алган машыгуу менен Эл аралык Коопсуздук Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 2017-жылдан бери биргелешип өнүктүргөн унааларга, стратегияларга жана процедураларга баа берүү максатталганы билдирилген.

Кызматташтык жана тажрыйба алмашуу аркылуу эл аралык уюшкан кылмыштар жана радикализм менен күрөшүүнү максаттаган Эл аралык Коопсуздук Биримдиги, 2017-жылы БАЭнин борбор шаары Абу-Дабиде түзүлгөн.

Эл аралык Коопсуздук Биримдигине; БАЭ,Франция, Италия, Бахрейн, Испания, Сенегал, Сингапур жана Словакия мүчө болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар