Орусиянын Иркутский аймагында сел жүрдү

Селде 12 киши каза болду.

1228749
Орусиянын Иркутский  аймагында сел жүрдү

Орусияда өткөн жумада башталган катуу жамгыр жаашы менен чыккан селдерден улам 12 киши каза болду.  

Орусиянын вице  - премьер  - министри Виталий Мутко Орусия  - 24 телекөрсөтүү каналына Иркутский аймагында болгон селдер тууралуу маалымат берди. Өткөн жумада башталган катуу жамгыр жаашы менен чыккан селдерде 12 кишинин каза болгондугун белгилеген Мутко 9 кишинин да жоголгондугун билдирди.

Иркутский аймагында жүргөн селдер 3 миңден ашуун үйдүн зыян тартуусуна жана миңдеген кишинин коопсуз аймактарга эвакуацияланышына себеп болду.

Орусиянын президенти В. Путин андан мурда Иркутский аймагындагы селдер тууралуу Братск шаарында өткөргөн чукул жыйында селден жабыр тарткандарга чукул жардам берүү жолдомосун берген.



Тектеш кабарлар