БУУда ЙПГ/ПКК чыр - чатагы

БУУнун отчетуна караганда 2016- жылы ЙПГнин ичинде 46 бала күрөшчү болгон, бул сан 2017 -  жылы 5 эсеге артып 224кө жеткен

1228710
БУУда ЙПГ/ПКК чыр  - чатагы

БУУ чоң бир чыр – чатакка аралашты.

БУУнун башкы катчысынын куралдуу кагылышууларда балдар тууралуу атайын өкүлү Виржиния  Гамба 29 -  июнда БУУнун Женевадагы офисинде жолугушкан SDG  деген атты колдонгон ЙПГ/ПКК террордук уюмдун мүчөсү Мазлум Абди менен кыймыл планына расмий азем менен кол койду.

БУУдан берилген маалыматта : «SDGнин бул келишим менен балдарды күрөшчү катары колдонбоого, ичиндеги кыз жана эркек балдарды белгилеп бөлүүнү жана бул тууралуу чара көрүүгө убада берди»,- деп билдирилди.

Бирок террордук уюм ПЙД менен кол коюлган чыр  - чатактуу кыймыл планы жана кол коюу аземи басма сөзгө жарыяланбастан жашыруун өткөрүлдү.

БУУда эс алуу күнүнө туш келтирилген жана жашыруун кол коюлган кыймыл планынын БУУнун Женева офисинин жогорку мартабалуу жетекчилеринен да жашырылгандыгы ортого чыкты.

БУУнун Женева офисинин башкы директорунун басма сөз катчысы Алессандра Веллужжи коопсуздуктан улам чыр  - чатактуу кол коюу аземинин коомчулукка жарыяланбагандыгын ортого салды.

БУУнун Женева офисинин жогорку мартабалуу жетекчилеринен бирөөсү жыйындан кабарынын жок экендигин айтты. Чыр  - чатактуу кыймыл планына байланыштуу БУУ бөлүшкөн фотографиялардан кол коюу аземине бир гана БУУнун Женева офисинин расмий фоторгафчысынын алынгандыгы көрүнүүдө.

Женевада жашыруун түрдө кол коюлган кыймыл планынын жарыясы АКШнын Нью – Йорк шаарынан берилди.

БУУнун отчетуна караганда 2016- жылы ЙПГнин ичинде 46 бала күрөшчү болгон, бул сан 2017 -  жылы 5 эсеге артып 224кө жеткен.  



Тектеш кабарлар