Эбола коркунуч жаратууда
Каза тапкандардын саны 1 миң 469 кишиге жетти.
1227977
Конго Демократиялык Республикасында өткөн жылдын июль айынын аягында башталган эбола эпидемиясынан каза тапкандардын саны 1 миң 469 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түндүк Киву аймагында башталган жана Итури аймагына жайылган эбола оорусу боюнча 2 миң 325 киши катталды.
Бул кишилерден 2 миң 231нин эбола вирусун жугузуп алгандыгы аныкталды.
Эпидемиянын себебинен 1469 киши каза тапса вирусту жугузуп алган 644 киши айыкты. 118 кишинин дарылануусу болсо уланып жатат.
Аймакта 2018-жылдын 8-августунда башталган акциянын негизинде 146 миң 316 киши эмделди.