Орусиянын "жеңилбес" куралдары келерки жылы армияга тапшырылат

Орусиянын президенти В. Путин Кремлде аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү үчүн өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1226564
Орусиянын "жеңилбес" куралдары келерки жылы армияга тапшырылат

Орусиянын президенти В. Путин өлкөсүнүн «жеңилбес» деп аталган куралдарынын армияга келерки жылдарда берилерин билдирди. Путин Кремлде аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү үчүн өткөрүлгөн аземге катышты.

Орусиянын коргоо көлөмү жана куралдуу күчтөрдү бекемдөө иштеринин маанисине токтолгон Путин армиянын жана деңиз флотунун кайрадан өнүккөн куралдар менен камсыз кылынышы керектигин баса белгиледи.

Путин Орусиянын «жеңилбес» деп аталган куралдарынын келерки жылдарда армияга берилери тууралуу маалыматты берип : «Ракеталык система «Кинджал», лазердик система «Пересвет», континеттер аралык баллистикалык ракета «Сармат», «Посейдон» суу түбүндөгү кеме, атомдук энергия менен иштеген чексиз диапозондуу ракета «Буревестник» жана башка заманбап технологиялар алдыбыздагы жылдарда армияга берилет»,- деди.

Жүз миңдеген жумушчу, инженер жана дизайнердин эмгеги болгон бул куралдардын ишенимдүү жана жөндөмдүү колдордо болушу керектигин айткан Путин жаңы бүтүргөн аскерлердин милдетинин бул куралдарды мыкты колдонуу экендигин айтты.

Орусиянын президенти Путин өткөн жылы мартта Федералдык парламентте сүйлөгөн сөзүндө араларында «Авангард» жана «Сармат» ракета системалары да болгон көптөгөн жаңы куралды «жеңилбес» деп мүнөздөгөн.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар