Керкүктө бомбалуу кол салуу

Кол салууда 1 киши каза болуп, 10 киши жараланды.

1226690
Керкүктө бомбалуу кол салуу

Ирактын Керкүк шаарында эки аймакта бирдей учурда жасалган бомбалуу кол салууда 1 киши каза болуп, 10 киши жараланды.

Ирак коргоо министрлигине караштуу Медиа Коопсуздук желесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Керкүк шаар борборундагы Хазра жана Рас ел-Жиср маалаларында андан мурда жолго коюлган бомбалар жүргүнчү микро- автобустар өтүп бара жатканда жардырылды.

Террордук кол салуу экендиги айтылган эки окуяда 1 жарандын каза болгондугу, 10 жарандын жаралангандыгы билдирилди.

Ирактын Керкүк шаарынын түрдүү жерлеринде май айында да бири биринин артынан алты бомбалуу кол салуу болгон, террордук уюм ДЕАШтын жасагандыгы билдирилген бул кол салууларда 4 киши каза болуп, 15 киши жараланган.



Тектеш кабарлар