Европада ашыкча ысыктыктан улам кишилер каза болууда

Түндүк Африкадан барган жана 40 – 43  градуска чейин чыккан абанын ысыктыгынан улам акыркы 24 саатта Италияда 3, Испанияда 2 киши, Францияда да 4 бала каза болду.

1226995
Европада ашыкча ысыктыктан улам кишилер каза болууда

Европанын түштүк жана ортоңку бөлүгүн таасири астына алган ысык аба толкуну кишилердин каза болушуна себеп болду.

Түндүк Африкадан барган жана 40 – 43  градуска чейин чыккан абанын ысыктыгынан улам акыркы 24 саатта Италияда 3, Испанияда 2 киши, Францияда да 4 бала каза болду.

Италияда ашыкча ысыктыктан улам 19 шаарда «кызгымтыл сары сигнал» берилип, өлкөнүн түндүгүндөгү Ломбардиа жана Венето менен ортосундагы Марче аймагында 3 киши каза болду. Өлкөнүн түштүгүндөгү Лекко шаарында бассейинден кайткан 12 – 15  жаштардагы 10 баланын күндүн таасиринен улам ооруканага жаткырылгандыгы жарыяланды. Рим муниципалитети да туристтик жерлерге тез жардам машиналарын  жайгаштырды.

Испанияда да 17 жана 93 жаштардагы эки эркек киши ысык абадан улам каза болду. Испаниянын 12 автоном башкаруусунда кызгымтыл сары сигналы берилип, өзгөчө картаңдар менен жүрөк оорулууларынын мажбур болмоюнча үйлөрүнөн тышка чыкпоолору боюнча эскертилди.

Каталония аймагынын Таррагона шаарынын жакындарындагы токой жана дыйканчылык аянттарында чыккан өрттө 6 миң гектарга жакын аянт өрттөндү.

Францияда болсо эл салкындоо үчүн бассейиндерге барышты. Саламаттык сактоо министри Агнес Бузин 4 кишинин чөгүү менен каза болгондугун билдирди.

Франция метеорология институтунан берилген маалыматка караганда ашыкча ысыктыктан улам өлкөнүн түштүгүндөгү 4 облуста кызыл сигналга өтүлгөндүгү жарыяланды. Франциянын премьер  - министри Эдуард Филипп да берген маалыматта 4 миң мектептин эс алууга чыккандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар