Иран АКШны эскертти

Ирандын парламент спикери Али Ларижани АКШнын Иран тууралуу жаңылыш эсеп кылгандыгын айтты.

1226393
Иран АКШны эскертти

 Ирандын парламент спикери Али Ларижани АКШнын Иран тууралуу чалгындоосу Тегерандын «террордук уюм» катары кабыл алган Элдин күрөшчүлөрү уюмунан алгандыгын, ошондуктан Иран тууралуу жаңылыш эсеп кылгандыгын айтты.

Ирандын жарымы расмий болгон маалымат агенттиги Теснимдин кабарына караганда борбор шаар Тегеранда басма сөзгө маалымат берген Ларижани Иран менен АКШнын ортосундагы араздашууну карап чыкты.

Ларижани АКШга таандык учкучсуз унаа аппаратынын Ормуз кысыгында Төңкөрүш Гвардиялары Армиясы тарабынан атып түшүрүлүшүнө байланыштуу : «АКШ учкучсуз унаа аппаратынын атып түшүрүлүшү аларга Иран чек араларын бузууну кайталабашы үчүн сабак болду. Дагы бир жолу чек араларыбызды бузуу жаңылыштыгына түшө турган болсо Ирандын каршылыгы дагы катуу болот»,- деди.

Ларижани АКШнын Иран менен тийиштүү чалгындоо кабарын Тегеран террордук уюм катары кабыл алган Элдин күрөшчүлөрү уюму сыяктуу режимге каршы топтор аркылуу алгандыгын белгилеп : «АКШ чалгындоо кабарларын туура эмес жерлерден алып жатат. Ошондуктан жаңылыш чалгындоо кабарларын алып, жаңылыш чалгындоо кабарлары боюнча Иранга каршы чечимдерди чыгарууда»,- деди.



Тектеш кабарлар