АКШ Иранга кол салабы?
Дональд Трамп, The Hill интернет барагына берген маегинде АКШ-Иран чыңалуусуна сереп салды.
АКШнын президенти Дональд Трамп, Иранды бутага алган ыктымалдуу кол салуу үчүн Конгресстин бекитүүсүнө муктаждыгы болбогонун айтты.
Дональд Трамп, The Hill интернет барагына берген маегинде АКШ-Иран чыңалуусуна сереп салды.
Конгресстин бекитүүсүн албастан Иранга карай кандайдыр бир кол салууну жасоо ыйгарым укугуна ээ болуп болбогону түрүндөгү суроого жооп берген Трамп: «Ооба, буга ыйгарым укугум бар»,-деди.
Трамп: «Иран темасында эмне кылганыбыз тууралуу Конгрессти тынымсыз маалыматтандыруудабыз, муну да макташууда деп ойлойм. Аларды күн тартипте кармагым келет, бирок мыйзамдуу түрдө муну жасаганга мажбур эмесмин»,-деп айтты.
Эл күлдөр палатасынын демократ мүчөсү Нэнси Пелосинин «Трамп Иранды атуудан мурда бизден ыйгарым укук талап кылышы керек»,түрүндөгү билдирүүсү эске салынган Трамп: «Буга кошулбаймын, бир топ адам мага кошулбай жатат»,-деди.
Иранга карай абадан кол салууну бекитүүгө абдан жакын болгонун түшүндүргөн Трамп: «Андан кийин муну жасабоого чечим чыгардым, анткени чындап эле тең салмактуу болмок эмес»,-деп айтты.
АШК менен Ирандын ортосундагы чыңалууну түшүндүрүп жатып Конгресстеги демократтар, Трамп бийлигинин Тегеранга каршы кандайдыр бир аскердик кыймылга өтүүдөн мурда Конгресстин бекитүүсүн алуусу керектигин жактоодо.