Жераблустун чыгыш жагында ЙПГ/ПКК басып алуусу астындагы Шуйук айылынын талаа аянттарында өрт чыкты

ЙПГ/ПКК тарабынан басып алынган Евфрат дарыясынын жээгиндеги Шуйуктагы талаа аянттары террористтер тарабынан өрттөлдү.

1224005
Жераблустун чыгыш жагында ЙПГ/ПКК басып алуусу астындагы Шуйук айылынын талаа аянттарында өрт чыкты

Сирияда «Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Жераблустун чыгыш жагында жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК басып алуусу астындагы Шуйук айылынын талаа аянттарында өрт чыкты.

ЙПГ/ПКК тарабынан басып алынган Евфрат дарыясынын жээгиндеги Шуйуктагы талаа аянттары террористтер тарабынан өрттөлдү. Чыккан тилсиз жоо аймактагы айрым үйлөргө да жабылды.

Орто эсеп менен бир айдан бери ЙПГ/ПККнын басып алуусунда турган Хасеке, Ракка жана Дейризор облустарында арабдарга таандык талаа аянттарында өрт чыгууда.

Эл бул абалга террордук уюм жооптуу экенин айтып жатканда, 12-июнда ЙПГ/ПКК террористтеринин Тель Абьяд районунда жарандарга таандык талааларды өрттөп жатканынын видеосу пайда болгон.

 



Тектеш кабарлар