Барган сайын арткан саясий шантаж жана санкция элементтерине кылдат түрдө баа берилиши керек

Путин борбор шаар Москвада чет элдик өлкөлөр менен аскердик-техникалык кызматташтыкка карай комиссиянын жыйналышында баа берүүсүн жасады.

1224377
Барган сайын арткан саясий шантаж жана санкция элементтерине кылдат түрдө баа берилиши керек

Орусиянын президенти Владимир Путин, атаандаштыкты күчтөндүрүү, барган сайын арткан саясий шантаж жана санкция элементтерине кылдат түрдө баа берилиши керектигин айтты.

Путин борбор шаар Москвада чет элдик өлкөлөр менен аскердик-техникалык кызматташтыкка карай комиссиянын жыйналышында баа берүүсүн жасады.

Аскердик-техникалык тармакта Орусия менен чет өлкөлөрдүн ортосунда жүргүзүлгөн кызматташтыкка көрсөтүлгөн кысымга шилтеме кылган Путин: «Атаандаштыкты күчтөндүрүү, барган сайын арткан саясий шантаж жана санкция элементтерине кылдат түрдө баа берилиши керек»,-деди.

Чет өлкөлөр менен аскердик-техникалык кызматташтыктын дагы жакшы уюмдаштырылышы керектигине токтолгон Путин: «Аскердик-техникалык тармактагы саясий, дипломатиялык, финансылык, экономикалык жана техникалык элменттердин дагы жакшы уюмдаштырылышы үчүн бул тармакта жаңы стратегия иштелип чыгууда",-деп айтты.

Курал экспорттоо менен катар куралдарга карай техникалык тейлөөнүн таасирдүү абалга келтирилиши керектигин баса белгилеген Путин: «Орусия жана өнөктөшү абалындагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктары багытында, Орусиянын технологиясынын тарнсфери жана орток өндүрүүнүн ишке ашрылышы керек. Бардыгыбыз абдан жакшы түрдө билгенибиз сыяктуу буга бир топ өнөктөшүбүз чоң кызыгууну көрсөтүүдө. Өнөктөштөрүбүздүн өздөрүнүн коргонуу өнөр жайына карай талаптарына кылдат баа беребиз»,деген серебин салды.

Путин жетекчилик кылган жыйналышка Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков жана Орусиянын мамлекеттик өнөр жай фирмасы Ростехтин жогорку рангадагы жетекчиси Сергей Чемезов катышты.



Тектеш кабарлар