В. Путин : "Трамп менен жолугушууга даярмын"

Путин билдирүүсүндө эки өлкөнүн стратегиялык, өзөктүк ырааттуулук жана башка сүйлөшө турган маселелердин бар экендигин айтты.

1222610
В. Путин : "Трамп менен жолугушууга даярмын"

 Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн даяр экендигин бирок АКШда жакындап келе жаткан шайлоо кампаниясы процессинин карым  - катнаштарды баш – аламан кылышы мүмкүн экендигин айтты.

Владимир Путин кечээ берген маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн даяр экендигин белгилеп : «Диалог дайыма жакшы жол, ар дайым талап бар. Албетте эгерде Америка тарабы да кызыгып жаткан болсо биз диалог үчүн даярбыз»,- деди.

Путин билдирүүсүндө эки өлкөнүн стратегиялык, өзөктүк ырааттуулук жана башка сүйлөшө турган маселелердин бар экендигин айтты.

АКШнын президенти Трамп андан мурда берген маалыматында бул айда Японияда өткөрүлө турган Чоң жыйырмалар саммитинде Путин менен жолугушууну күткөндүгүн белгилеген.

Орусиянын президенти Путин болсо өткөн жумада берген маалыматта : «Логиканын акырында үстөмдүк кыларынан үмүт кылабыз. Биз америкалык жана бардык өнөктөштөрүбүз менен алдыбыздагы Чоң жыйырмалар саммитинде пайдалуу чечимдерди чыгара аларыбызды, экономика тармагында кызматташтык үчүн керектүү ырааттуу шарттарды түзө алабыз деп ойлойм»,- деди.



Тектеш кабарлар