Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Вашингтондо жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров менен Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян Тоолуу Карабах маселесин чечүү процессинин негизинде АКШнын борбор шаары Вашингтондо жолугушту.

1222784
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Вашингтондо жолугушту

Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Меммедияров менен Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян Тоолуу Карабах маселесин чечүү процессинин негизинде АКШнын борбор шаары Вашингтондо жолугушту. Жолугушууга Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары Игорь Попов, француз Стефан Висконти, АКШлык Эндрю Шофер жана ЕККУнун атайын өкүлү Анджей Каспршик да катышты.

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери тарабынан андан мурда Франциянын борбор шаары Париж жана Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн жыйындарда каралган маселелердин кандай ишке ашкандыгы жолугушуунун негизги темасы болгондугу белгиленди.

Жолугушуунун «оң» жана «сүйлөшүү процессинин алдыга жылышына кызмат кылган» бир жолугушуу катары мүнөздөлгөн маалыматта үй ээлик кылгандыгы үчүн АКШга рахмат айтылды.

ЕККУнун Минск группасынан берилген маалыматта болсо жолугушууда Тоолуу Карабах меселесин чечүү боюнча пикир алышуулардын болгондугу, министрлердин, тең төрагалардын аймакка акыркы саякаты учурунда сунуш кылынган гуманитардык жардам жана коопсуздук чараларынын ишке ашырылышы тууралуу абал жана күтүүлөрүн тактагандыгы белгиленди.

Фронт жолунда акыркы мезгилдерде болгон жоготуулардан санааркоолордун болгондугун айткан тең төрагалар тараптарга тынчтыкка ыңгайлуу чөйрөнүн түзүлүшү жана структуралык сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышы үчүн эртерээк аракетке өтүүгө чакыруу салды.

Маалыматка караганда тең төрагалар тараптарга ок атышпоого олуттуу түрдө баш ийүү, провакациялык кыймылдардан алыс туруу, фронт жана чек ара жолдорунда снайперлерди колдонуу жана инженердик иштерди аткаруудан алыс болууга чакыруу салды.

Араздашуу тобокелчилигин азайтуу үчүн министрлердин арасындагы түздөн түз байланыштан толугу менен  пайдаланылышынын мааниси белгиленген жолугушууда министрлердин жакынкы убакта кайрадан жолугушуу тууралуу макулдашуу түзүлдү. 

 



Тектеш кабарлар