Буркина Фасодо кол салуу болду

Кол салууда 17 киши каза болду.

1222053
Буркина Фасодо кол салуу болду

Буркина Фасонун түндүгүндө жасалган куралдуу кол салууда 17 киши каза болду.

Коргоо министри Шериф Си берген маалыматында террористтердин өлкөнүн түндүгүндөгү Белехеде айылына жасалган куралдуу кол салууда 17 кишинин каза болгондугун белгиледи.

Си коопсуздук күчтөрүнүн террористтерди кармоо үчүн операция баштагандыгын айтып, элди тынчтанууга чакырды. Өлкөдө апрель айынан бери болуп келе жаткан террордук кол салууларда 81 киши каза болуп, жүздөгөн киши үйлөрүн таштап кеткен.

Буркина Фасо 2015 -  жылдан бери террордук кол салууларга дуушар болууда. Оболу өлкөнүн түндүгүндө жана Сахел аймагында күч алган кол салуулар андан кийин батышка жана ортоңку бөлүктөргө да жайылды.

Өлкөнүн 130 аймыганын жетөөсүндө 2019 -  жыл 1 -  январдан бери өзгөчө кырдаал улантылууда.



Тектеш кабарлар