Ангела Меркель Иракта көз карандысыз мамлекеттин курулушуна каршы

Германиянын канцлери Ангела Меркель Иракта көз карандысыз бир күрт мамлекетинин курулушуна каршы экендигин айтты.

1221883
Ангела Меркель Иракта көз карандысыз мамлекеттин курулушуна каршы

Германиянын канцлери Ангела Меркель Иракта көз карандысыз бир күрт мамлекетинин курулушуна каршы экендигин айтты.

Меркель мурунку тышкы иштер министр Сигмар Габриэлдин туулган жери болгон Төмөнкү Саксония аймагынын Гослар шаарында Габриэль менен бирге бир мектепке жасаган сапарында  берген маалыматта : «Мен Ирактын жеринин бүтүндүгүн каалаймын. Көз карандысыз бир күрт мамлекетинин курулушунун аймактагы тынчтыкка кызмат кыларын ойлобоймун»,- деди.

Канцлер Меркель Иракта жашаган күрттөргө адилеттүү шарттардын сунушталышы керектигин да баса белгиледи. Германия эки жыл мурда Ирак күрт аймактык башкаруусу өткөргөн көз карандысыздык референдумун да колдогон эмес.

Германиянын канцлери Иракта көз карандысыз күрт мамлекетинин курулушуна каршы экендигин мындан мурунку жылдарда ирактык кесиптештеринин Берлин сапарында жана башка платформаларда айткан.



Тектеш кабарлар