Отурукташуу аймагына Трамптын аты берилет

Нетаньяху ал жердин пайдубалын түптөдү.

1219470
Отурукташуу аймагына Трамптын аты берилет

 

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, басылып алынган Голан дөңсөөлөрүндө АКШнын президенти Дональд Трамптын ысымын ала турган жаңы еврей отурукташуу жеринин пайдубалын түптөдү.

«Едиот Аронот» гезитинин кабарында, Нетаньяхунун АКШнын Голандагы Израилдин ээлигин тааныган чечимине ыраазычылык билдирүү иретинде «Рамат Трамп» аттуу жаңы отурукташуу аймаганын пайдубалын түптөгөндүгү белгиленди.

Израиль өкмөтү, Трамптын 25-мартта Голан дөңсөөлөрүндөгү Израилдин ээлигин тааныгандан кийин жаңы отурукташуу аймагын курууну чечкен эле.



Тектеш кабарлар