Гутерриш Кения жана Сомалидеги кол салууларды айыптады

Антонио Гутерриш, Кения жана Сомалиде болгон террордук кол салууларды айыптады.

1219611
Гутерриш Кения жана Сомалидеги кол салууларды айыптады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, Кения жана Сомалиде болгон террордук кол салууларды айыптады.

БУУнун баш катчылыгынын маалымат борборунан берилгендей Гутерриштин, ишемби күнү Кениянын Важир аймагында полицияларды ташыган унаанын жолго көмүлгөн жарылуучу затка урунушунун себебинен 8 полиция каза тапкан окуяны айыптаганы белгиленди.

Жума күнү да ошол эле аймакта 3 полициянын террор уюму Эл Шебаб тарабынан уурдалганы эске салынды.

Ошондой эле Гутерриштин Эл Шебаб уюму моюнга алган, Сомалинин борбор шаары Могадишодо күзөт жеринде бомба жүктөлгөн унаанын жардырылышынын себебинен 8 киши каза тапкан жана бир топ кишин жаракат алган кол салууну айыптаганы белгиленди.

Анда, «Баш катчы, өлтүрүлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө, Кения жана Сомали өкмөттөрүнө жана элине терең кайгыруусун билдирүү менен кайрат айтып, жаралангандардын да тез сакайып кетишин тиледи»,-делди.

Баш катчынын терроризм жана зомбулукту камтыган радикализм менен күрөшүү аракеттеринде БУУнун Кения жана Сомали өкмөттөрү менен колдошууда экендигине басым жасаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар