АКШ согуш каалабайт

Майк Помпео, Оман булуңундагы танкерлерге болгон кол салууларга байланыштуу суроолорго жооп берди.

1219527
АКШ согуш каалабайт

 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Оман булуңундагы танкер кол салууларынын артында Ирандын тургандыгы жөнүндө шек жок экенин бирок АКШнын бул өлкө менен согушууну каалабаганын белгиледи.

Майк Помпео, Fox News каналына берген маалыматында, өткөн жумада Оман булуңундагы танкерлерге болгон миналуу кол салууларга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Помпео: «Мунун артында албетте Иран турат бирок президент Трамп согушуудан алыс болуу үчүн колунан келгенди жасап жатат. Биз согуш каалабайбыз бирок негизги өткөөл аймактарындагы эркин өтүүнү камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды көрүүдөбүз. Муну камсыздоо үчүн АКШ катары дипломатиялык жана берки баардык кадамдарды таштап жатабыз»,-деди.

Помпео: «Чалгындоо кызматтарыбыздын колунда өтө көп көрсөткүч, далилдер бар. Дүйнө буларды көрөт»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар