Рухани:«Япония, Ирандан мунай зат сатып алууну улантууну каалайт»

Хасан Рухани расмий сапар менен Тегеранга келген Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1217874
Рухани:«Япония, Ирандан мунай зат сатып алууну улантууну каалайт»

Ирандын президенти Хасан Рухани, Япониянын өздөрүнөн мунай зат сатып алууну улантууну каалаганын айтты.

Хасан Рухани расмий сапар менен Тегеранга келген Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Рухани, Япониянын Ирандын ядролук келишиминин улантылышын колдогонун, Абэнин бул келишимди аймак жана дүйнө үчүн пайдалуу деп караганын белгилеп өттү.

Иран менен Япониянын атомдук технологиянын тынчтыкчыл максаттар менен колдонулуусу керектигине ишенгенин жана эки өлкөнүн да ядролук куралга каршы болгонуна көңүл бурган Рухани, мындай улантты; «Япония, Ирандан мунай зат сатып алууну улантууну, маданий, илимий жана финансылык маселелердин чечилишин каалайт. Бул абал эки тараптуу карым-катнаштардын өнүгүүсүн белгилей турган абал болуп саналат».

Рухани, Синдзо Абэ менен Япониянын Ирандын түштүк жээктеринде өзгөчө Чабахар жана Мекранда жасай турган инвестициялар тууралуу сүйлөшкөндөрүн жана Токионун каалаган инвестициялардын эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүгүүсүн камсыздай турганын сөз кылды.

Рухани, Абэ менен Сириянын кайрадан курулушу жана Йемендеги кризистин чечилүүсүнө колдоо көрсөтүлүшү темаларын сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Япониянын премьер-министри Абэ болсо маалымат жыйынында бүгүн Жакынкы Чыгышта жогорку чыңалуу болгонун жана «Чыгымы кандай болсо болсун аскердик кагылышууга бөгөт коюлушу керектигине» басым жасап, «Жакынкы Чыгыштагы тынчтык бир гана бир аймак үчүн эмес, бүткүл дүйнө үчүн керектүү. Иран аймакта чыңалуунун дагы көп күчөбөшү үчүн конструктивдүү ролун ойношу керек»,-деп айтты.

Ирандын Эл аралык Атом энергиясы агенттиги менен кызматташуусун оң деп баалагандарын жана мунун улантылышын жактагандарын айткан Абэ: «Ирандын ядролук келишимден чыкпоосун күтүүдөбүз. Япония, аймактагы чыңалуунун азайтылышы үчүн ролун эң жогорку деңгээлде ойногонго чечкиндүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар