Орусиялык журналист үй камагынан эркиндикке чыкты
Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев : «Кылмыш кылгандыгына байланыштуу далилдин табылбашы менен Иван Голунов тууралуу мыйзамдуу териштирүүнү токтотуу чечими чыгарылды»,- деди.
Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев банги зат колдонду деген негиз менен үй абагына алынган журналист Иван Голуновдун эркиндикке чыккандыгын билдирди. Колокольцев : «Кылмыш кылгандыгына байланыштуу далилдин табылбашы менен Иван Голунов тууралуу мыйзамдуу териштирүүнү токтотуу чечими чыгарылды»,- деди.
Голуновдун үй абагынан чыгарылгандыгын билдирген министр бардык айыптоолордун жоюлгандыгын белгиледи.
Териштирүү материалдарынын Голуновду камоого алган полиция кызматкерлеринин кыймылынын мыйзамдуулугун карап чыгуу үчүн ички иштер министрлигинен териштирүү комитетине багытталгандыгын айткан Колокольцев : «Полиция кызматкерлери текшерүү мөөнөтүндө кызматынан алыстатылат»,- деди.
Ички иштер министри Колокольцев Голунов окуясы тууралуу президент Путиндин Москва коопсуздук директору, генерал - майор Андрей Пучков жана Москва коопсуздук директорлугунун банзи заттар бөлүмүнүн директору генерал - майор Юрий Девяткиндин кызматтан алынышын каалагандыгын да сөздөрүнө кошту.