Йеменде 4 айда 10 миң киши холера менен ооруган

Өлкөдөгү ачкачылык, холера, кагылышуу жана абадан кол салуулардын айынан жарандар адамзаттык трагедия жашап жатат.

1217322
Йеменде 4  айда 10 миң киши холера менен ооруган

 Йеменде 4 айда 10 миңге жакын холера оорулуусу чыкты.

Чек билбеген дарыгерлердин Йемендеги офисинин твиттерден берилген маалыматында Йемендин түрдүү аймактарында Чек билбеген дарыгерлерге караштуу саламаттык сактоо мекемелеринин бул жылдын биринчи төрт айында 10 миңге жакын холера оорулуусунун такталгандыгы белгиленди.

Маалыматта өзгөчө саламаттык сактоо сектору ишин уланта албай калган Йеменде оорулуулардын убагында керек болгон тейлөөдөн өтө албагандыгы билдирилди.

Йеменде 5 жылга жакын убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларда миңдеген киши каза болду. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн арасына кирген Йеменде жарандык согуштан улам күчөп бара жаткан адамзаттык кризис да коркунучтуу абалга келди.

Таза суунун жоктугу, жетерсиз тамактануу, дары – дармек жана медициналык материалдардагы кемчилик сыяктуу себептер да холера жана башка оорулардын чыгышына себеп болууда.

Өлкөдөгү ачкачылык, холера, кагылышуу жана абадан кол салуулардын айынан жарандар адамзаттык трагедия жашап жатат.



Тектеш кабарлар