Идлибдеги кол салуу

Идлибдеги кол салууда 8 жаран каза болду.

1217238
Идлибдеги кол салуу

Сирияда Башар Асад режиминин «Идлиб араздашууну азайтуу аймагындагы» жарандык отурукташуу жерлерине кечээ түнкү абадан кол салууларында 8 жаран каза болду.

Асад режимине таандык аскердик учактар Идлиб облусунун түштүгүндөгү Кефер Айн, Хас жана Теббиш айылдарына түнү кеч сааттарда катуу абадан кол салуу жасалды.

Жарандык Коргоо топторунан алынган маалыматка караганда 8 жаран каза болду. Жарандык коргонуу топтору Кефер Айн аймагына жасалган абадан кол салуулардын абдан күчтүү болгондугун жана каза болгондордун санынын өсүшү мүмкүн экендигин айтты. Акыркы 3 күндө Асад режими жана колдоочусу Орусиянын «Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын» чектеринин ичиндеги отурукташуу жерлерине карата кургактыктан жана абадан кол салууларда 28 жаран каза болгон.

 



Тектеш кабарлар