Японияда кырсыкка учураган Ф - 35

Япониянын коргоо министри Такеши Ивая апрель айында Ф  - 35 аскердик учагынын кырсыкка учурашынын учкучтун жаңылыштыгынан экендиги болжолдолгондугун билдирди.

1216515
Японияда кырсыкка учураган Ф  - 35

Япониянын коргоо министри Такеши Ивая апрель айында Ф  - 35 аскердик учагынын Тынч океанында машыгуу учурунда кырсыкка учурашынын учкучтун жаңылыштыгынан экендиги болжолдолгондугун билдирди.

Кырсыктан кийин токтотулган Ф  - 35 учууларынын кайрадан баштатыларын белгилеген Такеши Япония өзүн өзү коргоо аба күчтөрүнүн колундагы 12 даана Ф  - 35 аскердик учактарына кошумча катары жаңыларын аларын, жалпы 105 даана Ф  - 35 аскердик учагынын инвентарына алынышы пландалгандыгын айтты.

Кырсыктан кийин Мисава аба базасында иштеген 12  учак тууралуу жүргүзүлгөн техникалык иликтөөнүн тыкандык менен улантылгандыгын белгилеген Такеши учкучтардын багытын белгилөөнү жок кылууларына тоскоол боло турган машыгууларга көңүл буруларын баса белгиледи.

Япония өзүн өзү коргоо  боюнча аба күчтөрү ASDFге таандык Ф  - 35  - А моделиндеги аскердик учак 9 -  апрелде Тынч океанына түшкөн. Учактын саатына 1100 километр ылдамдык менен океандын бетине түшкөндүгү болжолдолууда. Изилдөөлөрдө учактын борту менен учкучтун сөөгүн таба албаган жетекчилер учактын бөлүктөрү менен кара кутусун табышкан.



Тектеш кабарлар