Израиль күчтөрү 12 палестиналыкты камоого алды
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдө бат – бат тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.
Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шериада 12 палестиналыкты камоого алды.
Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү менен жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө камоого алынгандардын террордук кыймылдарга аралашкандыгы айтылууда. Маалыматта кармалган палестиналыктардын аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленди.
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдө бат – бат тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.
Батыш Шериа менен Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда.
Палестина расмий булактарына караганда Израиль абактарында 5700 палестиналык камалган. Алардын ичинен 500гө жакыны административдик камоодо, 230 да балдар.
Израиль «административдик камоо» деген ат менен палестиналыктарды 1 жана 6 айга камоого алууда. Камалган кишилердин «Израилдин коопсуздугу үчүн коркунучтуу» деген чечим чыгарыла турган болсо аскердик сот камалган кишинин камалуу мөөнөтүн 5 жылга чейин узарта алат.