Чавушоглу Барзани менен жолукту

Чавушоглу Барзанинин ант берүү аземине катышуу үчүн Эрбилге барды.

1215566
Чавушоглу Барзани менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун башчылыгына шайланган Начирван Барзани менен жолугушту.

Барзанинин ант берүү аземине катышуу үчүн Эрбилге барган Чавушоглу, Эрбиль эл аралык аэропортунда Начирван Барзани, Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз жана берки кызматкерлер тарабынан тосулуп алынды.

Чавушоглу аэропортто Барзани менен жолугушту.

Мевлүт Чавушоглунун Эрбилде Ирактын президенти Берхам Салих, Ирактын Күрт автоном аймагынын коопсуздук агенттигинин кеңешчиси Месрур Барзани, Ирактын түркмөн фронтунун башчысы Эршат Салихи менен да жолугаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар