2-Дүйнөлүк согуштун багытын өзгөрткөн Нормандия чабуулунун 75 жылдыгы

Нормандия чабуулунун 75 жылдыгына арналган азем Каныша Элизабет 2нин кожойкелигинде өткөрүлдү.

1214208
2-Дүйнөлүк согуштун багытын өзгөрткөн Нормандия чабуулунун 75 жылдыгы

Европанын нацисттик басып алуусунан кутулуусунда маанилүү орду болгон жана 2-Дүйнөлүк согуштун багытын өзгөрткөн Нормандия чабуулунун 75 жылдыгынан улам кечээ Англияда азем уюштурулду.

Нормандия чабуулунун 75 жылдыгына арналган азем Каныша Элизабет 2нин кожойкелигинде өткөрүлдү.

Портсмут шаарында ишке ашкан аземге, мамлекеттик расмий сапар менен Англияга келген АКШнын президенти Дональд Трамп, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель орун алган бир топ лидерлер катышты.

Каныша Элизабет сөзүндө, «Ошондо курман болгондордун баатырдыгы, эрдиги жана жанын аябай күрөшүүсү унутулгус»,-деди.

Трамп, ал убактагы АКШнын президенти Франклин Рузвельттин чабуул болгон түнү радиодон жарыяланган билдирүүсүн окуду.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй да, Капитан Норман Скиннердин Франциянын жээктерине болгон чабуулдун алдында жубайына жазган катты бөлүштү. Мэй, эч качан жибериле албаган каттын чабуулдан көп өтпөй курман болгон капитандын чөнтөгүнөн табылганын баса белгиледи.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Грециянын президенти Прокопис Павлопулос жана Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте да катышкан азем убагында эски жана жаңы согуштук учактар асманда учууларын көрсөтүп, парашют менен түшүрүү көрсөтүлдү.

2-Дүйнөлүк согуштун багытын өзгөткөн Нормандия чабуулу 1944-жылы 6-июнда АКШ, Англия жана Канада түзгөн 160 миң кишилик шериктеш күчтөр тарабынан немистердин басып алуусу астындагы Франциянын түндүк жээгине карай болгон.



Тектеш кабарлар