Украина Орусия менен сүйлөшүүгө даяр

Зеленский Брюсселде маалымат берди.

1213760
Украина Орусия менен сүйлөшүүгө даяр

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТО жана Европа Биримдигине мүчөлүк максаттарынын өзгөрбөгөндүгүн, Орусия менен сүйлөшүүлөргө болсо ачык экенин белгиледи.

Президент болуп шайлангандан кийин биринчи расмий сапарын Бельгиянын баш калаасы Брюсселге жасаган Зеленский, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолуккандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Зеленский Украинанын Европа Биримдиги жана НАТОго толук мүчөлүк максаттарынын өзгөрбөгөндүгүн белгилеп, өлкөсүнүн Европа жана Евро-Атлантикага интеграция жолун колдой турганын айтты.

Орусия менен болуп жаткан чыңалууга байланыштуу Зеленский: «Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого даярбыз. Муну менен бирге өзүбүздү коргоп, саясий жана аскердик тармактарда күчтөнүшүбүз керек»,-деди.

Столтенберг болсо Украинаны «маанилүү өнөктөш» деп сыпаттап, Ооганстан жана Косоводогу НАТОнун миссияларына салымдарынан улам ырахмат айтты.

НАТОнун Украинанын жеринин бүтүндүгүнө жана эгемендик укуктарына күчтүү колдоо көрсөткөнүн баса белгилеген Столтенберг: «Шериктештер Орусиянын Крымды кошуп алуусун тааныбайт жана Кара деңиздеги агрессивдүү мамилесин айыптайт»,-деди.



Тектеш кабарлар